Саясат

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсынынан улам ооруканага түштү

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири жазып чыкты.

Маалыматта, 26-июлда болжол менен таңкы  саат 6 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 217-чакырымында Toyota Alphard унаасынын айдоочусу бетон тосмону сүзүп алган. Ал эми унаанын ичинде жүргүнчү катары  вице-мэр Жамалбек Ырсалиев  жана дагы эки адам болгон.  Алардын бири жандандыруу бөлүмүнө түшүп, ал эми вице-мэр Ырсалиев ооруканада жатат. Ал эми азырынча Ырсалиевдин абалы тууралуу маалымат тактала элек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *