Коом

“Бетонго кыпчылып калган”. Баткенде эркек кишинин жансыз денеси табылды

Баткенде эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн ӨКМге саат 07:50 чамасында Кызыл-Кыя шаары, Кулатов көчөсүндө көпүрөнүн астында болжол менен 50-55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси (аты-жөнү такталууда) суу менен агып келип бетонго кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн.

Жерине Кызыл-Кыя шаардык №62 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *