Саясат

Бекбол Айдаров: “Султан сөөгүн кордобойт”, Аскар Акаевди кечирели

– Аскар Акаев Кыргызстанга учуп келди. Ал киши “Кумтөр” маселеси боюнча тергөө группасы менен тыгыз кызматташууга макулдугун бериптир. Эң түүра кадам жасады. Он беш жыл өлкөнү башкарган киши “Кумтөр” боюнча кетирген катачылыктарын, оош-кыйыштарын ачыктаса, кыйла маселе оң жагына чечилет. Биринчиден, Ата-Журт алдындагы күнөөсүн жууйт, экинчиден, эл аралык соттон утүү мүмкүнчүлүгүбүз артат. Айкөл Манастын урпактарыбыз, андыктан Аскар Акаевди кечирели. Кыргызда “султан сөөгүн кордобойт” деген ата сөзү бар эмеспи. Жамандыр- жакшыдыр он беш жыл Кыргыз Республикасын башкарды. Ал жетектеген
жылдар эң оор тарыхый учурга туш келгенин да түшүнөбүз.
Даг Дагы айтарым, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн чындалышына ири салым кошкондордун бири Искак Раззаковду өткөн кылымдын 50-жылдарында өзүбүздүн эле ичтен чыккан ийри жыландар Москвага кууп кетирген. Сөөгү Москвада калган. 2000-жылы гана Аскар Акаев анын сөөгүн Ала-Тоого алып келди. Азыркы бийлик Аскар Акаевдин көзүнүн тирүүсүндө өз журтуна кайтып келишине мыйзамдуу шарт түзүп берүүдө, Бул кадамы аркылуу азыркы бийлик илгертен бери келе жаткан ата
салтын улады.
Эми мындан ары эл башчыларын кууп жиберүү сыяктуу көрүнүштөрдөн оолак бололу. Ошого жараша мамлекет башчылары да эл үмүтүн актап, татыктуу иштесин.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *