Бек Борбиев: Азыр экөө тирүү болсо, “өзүңөрдү карагыла” деп урушмак элем

Бек Борбиев: Азыр экөө тирүү болсо, “өзүңөрдү карагыла” деп урушмак элем

30-чын куран, 2020-ж // //

“Бул посту жазышым жазбашымды билбей баштадым. Урматтуу чыгармачылыкта жүргөн менин коллегаларым. Он күн болбой экинчи чоң өнөр ээси, курч калемдүү акындан айрылып калдык. Албетте элибизде сөз бар, «өлгөндүн өзүнүн шору деген», балким туурадыр. Бирок, бул эки жоготуу тең орду толгус болуп турбайбы. Элмирбек, Зайырбек экөө тең эми бышып, такшалып, акылына кирип, элине шедеврлерди тартуулайт турган учуру эмес беле. Балким дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармаларды жаратышмак. Ооба, буга чейинки чыгармалары деле элибизде классика болуп далай кылымдар жашаары шексиз, бирок белдери эми катып, күчкө толгон кездеги дагы улут уңгусуна айланаар чыгармаларын укпай калбадыкпы. Ким күнөөлү? Элби? Мамлекетпи? Жок. Бул эки иним мени чырмалган ойлорго салып кетти, муунумду калтыраткан кайгыга батырып кетти.

 

Азыр экөө тирүү болсо, тизип алып “өзүңөрдү карагыла, ден-соолук баарынан улук, спорт менен машык, профилактикалык дарылануу жасап тур деп урушмак элем. Жараткан да каранганды карайм, сактанганды сактайм дейт экен. Жүзгө чыгалы деп аткан жокпуз, ошол эле 70, 80 жаш буйрусун, ташта калемди, тоого чык, журокту эс алт, нервди эс алдыр”- демек элем. Демек элем, бирок ал экөө жок эми…

 

Ооба, чыгармачыл адамдын ички дүйнөсү башкача. Тез таарынат, тез эле болбогон нерсеге капа болот, күлкү менен ыйдын ортосундагы чел кабыгы өтө жука. Орусча айтканда депрессияга да өтө уязвимый калк экенибизди окумуштуулар айтып жүрүшөт. Өзүңөрдү карабайт белеңер Элмирбек, Зайырбек…?

 

Албетте эми бул сөздөрдү укпайсыңар, мен кеч айтып, каңырыгым түтөп олтурам. Бирок, бул сөздөрүмдү азыркы аманчылыкта жүргөн менин ини карындаштарым угуп, куржунуңарга салып аласыңар деп ишенем.

 

Душманыңды жеңем десең, андан узак жашап гана жеңе аласың. Мен курактуу өнөрпоздор 1990- жылдары эл аралап, тоо аралап, ысык суукта калып көп ден-соолук жоготконбуз. Эми да болсо өзүңөрдү карагыла коллегалар. Ал эми азыркы заманда эч кайсы өнөрпоз 40 жашында өлгөнгө акысы жок.

 

Тирилик кылам десең түгөнбөйт, жумуш өлгөндө гана бүтөт. А өмүр, ден-соолук табылбайт. Баарыбызга Кудай ден-соолук берсин, оорубагыла, ооруну жолотпогула. Кош иничектерим, баарыбыз бара турган жайга кеттиңеркеттиңер-деп Бек Борбиев жазды.