Базарда баштык көтөргөн Раиса Атамбаеванын сүрөтү талкууга алынды
23-жалган куран, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваФейсбуктагы “БеспределKG” баракчасы мурунку президент Алмаз Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын баштык көтөрүп бараткан сүрөтүн жарыялап, тапкандарга бирдик салмай болгон. Бул сүрөт тез эле кызы Алия Шагиевага жеткен. Ал өзүнүн инстаграмм баракчасына апасынын сүрөтүн салып, асылуунун да чеги бар экенин жазып чыккан. Бул жооптон көп өтпөй баракчадагы сүрөт өчүрүлүп салынган.
Чын-чынына келгенде Кыргызстанды башкарган президенттердин арасынан Алмазбек Атамбаевдин жубайы, балдары саясатка аралашып, колунда турган бийликти колдонуудан баш тартышкан эле. Коомчулукта анын балдары карапайым элдин арасында коомдук транспорттун кызматын колдонуп келгени тууралуу аңыз кептер айтылып келген. Жада калса кызы Алия Шагиеванын троллейбуста уктап бара жаткан сүрөтү социалдык баракчаларга тарап, айрым атка минерлердин балдарына өөн учураган. Анткени, алар жакыны депутат же бир ишкананын жетекчиси болбосун кызмат абалынан пайдаланып келишкен. Бир өлкөнү башкарып турган ажонун балдарынын жөнөкөйлүккө жасаган кадамдары башкаларга сабак болгон жок. «Күндүк жол жүрсөң, түштүгүнө жорго мин»- дегендей кызмат абалынан пайдаланган көз караш калыптанып калган бейм. Мурунку ажонун үй-бүлөсүнүн жөнөкөйлүгүн саясатташтырып, алар тууралуу ар түрдүү кептерди таратуу менен алек болгондор адамдык сапатын негизги кадамы жөнөкөйлүк экенин кайдан билсин.
Булак: argument.kg