Ажырашып эле кетсемби, бирөөнүн ата-энесин баккыча өзүмдүн ата-энемди карап…

Ажырашып эле кетсемби, бирөөнүн ата-энесин баккыча өзүмдүн ата-энемди карап…

20-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Саламатсыздарбы сиздерден кенеш сурайын дедим эле. Өзүм 20 жаштамын боюмда болбой жүрүп. Эми болду 4 ай болдук. Менин айтаарым кичүү келинмин. Кайын журт менен жашайм. Кайнеженин мурунку күйөөсүнөн бир кызы бар ал аябай эрке үйдөгүлөр аябай эркелетишет 6-7класс. Бир жардам бербейт мага жада калса ич киймин жуубайт. Анан кайнежем жума сайын келет үй-бүлөсү менен өзүбүз эки комната тыгылып атсак 3-4 күн жатып алат. Мен жүрөм служанкадай боюмда болуп, белим бутум ооруп кыймылдабай калчу болду . Жалгыз кыз сүйлөбөгүлө дейт келип кирлерин тыштап кетет .Кызын жумшап койсон баштайт анкылдап характирин көрсөтүп. Өзүнчө бөлүнөлү десең болбойт кичүү бала үйдө калыш керек деп. Туура эмес бир нерсе кылып койсон кайнене, кайната баштайт тигинин келинин карачы деп салыштырып Келин кылыш керек дешет . Азыртадан ажырашып кетсемби кулак мээм тынч өз жанымды өзүм карап бирөөнүн ата-энесин баккыча өзүмдүн ата-энемди багып . Кийин 2-3 балалуу болуп отуруп калам азап тартып. Кандай кенешиниздерди бересиздер?