Атамды бир туугандары эмес, бул эки бөтөн киши жерге берди

Атамды бир туугандары эмес, бул эки бөтөн киши жерге берди

06-жетинин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева
Кичинемде кайда барбайын «Турарбектин
кызы»,- деп баары көзүмдү карашчу.
Ананчы, атамдын ээлеген кызматы чоң,
акыркы маркадагы машина айдайт,
заңгыраган үйдө жашайт, кыскасы айылда
аны тааныбаган киши жок.
Союшка мал, айдоого солярка же карызга
акча керек болгондор биздикине келишчү.
— Турар, сен жардам кылбасаң болбойт.
— Тиги карызды качан бересиң?
— Тоодон мал түшсө эле, сарала уйум менен
кутулам.
— Сайра! Жокенге сураган сумасын алып
чыгып берчи.
— Рахмат, рахмат, рахмат Турар.

Апамдын кийингенин көрсөңөр таң
калмаксыңар. Атырын, туфлисин атайын чет
мамлекеттен буйрутма кылып алдырчу. Бир
кийген көйнөгүн экинчи жолу кийбечү.
Кошуна аялдарга, туугандарга таркатып
берип койчу. Кыскасы, бутубузду кенен
сунуп жашачубуз.
Эмне болгонун билбейм. 11-класс элем.
Атам менен апам ажырашты. Мени апам өзү
менен алып кетти. Бир жылдан кийин атам
эки баласы бар аялга үйлөнүп алды. Кээде
апама айтпай атаман кабар алып турчумун.
Акыркы күндөрү көп иччү болду.
— Ата, баары жакшыбы?
— Баары жакшы кызым.
Тиги аялынын атам менен

иши жок. Качан барбайын үйдө эмес болот. Атамдын кирлерин жууп, тамагын жасап берип коюп кетчүмүн.
Бүтүрүү кечеме атам келген жок. Апам
кызмат ордунан түшкөнүн айтты. Боорум
ооруду. Апаман кабар алып келейин деп
суранып, айылга жөнөдүм. Үйгө кирсем
арактын жыты буркурайт. Атам эсин
жоготуп полдо жатат. Төшөккө араң сүйрөп
бардым. Аялы кетип калыптыр.
Турмушка чыктым. Бул арада апаман
айрылдым. Атама мурункудай көп бара
албай калдым. Угушум боюнча карыздары
көбөйүп үйдү сатып жибериптир. Өзү
батирге чыгыптыр. Телефон чалсам албайт.
Акыпы баламлы куйаама таштап айылга

Акыры баламды күйөөмө таштап айылга
жөнөдүм.
Убагында жанынан чыкпаган досторунун
бирөөсү жок. Атам өзү алты бир тууган.
Алардын да кайда экени билинбейт. Атам
күн сайын иче берип катуу ооруп калыптыр.
Дарыгерге алып бардым. Күнү аз калганын
айтты.
— Алло, Майрам.
— Угуп жатам.
— Мен атаңдын батиринин «хозяйкасы».
— Угуп жатам эже, батирдин акчасын бериш
керекпи?
— Кайрат кыл, атаңан айрылып калдың.
— Эмне…

Жолдо баратып үзүлүптүр.
Моргдо төрт күн жатыптыр. Дарыгерлер » » «өлүктү алып кеткиле»,-
деп туугандарына чалса, баары баш тартып
коюшуптур.
Кайын-журтум менен чогуу турам. Бул
кабарды уккан кайын атам менен кайын
энем, «жаназа биздикинде болот»,- деп дароо
айтышты. Күйөөм өлүктү алып келгени
кетти. Кайын энем боорсок жасап, кайын
атам боз үй тигип жүрдү. А менин ыйдан
колум бошобойт. Ошентип атамды жерге
бердик.
Ыйлап отурсам кайын атам жаныма келип,
«Кызым, көп кейибе. Жашоодо ар кандай

учурлар боло берет. Атаңдын жакшылыгын
билбегендер өз жазасын алат. Ыраматылык
куданын, жаткан жери жайлуу болсун,
бейшембилигин, кыркылыгын, жылдыгын
баарын өзүбүз өткөрөбүз. Атаңды кантип
сыртка таштап коймок элек. Көп кейибе
кызым. Баары жакшы болот.»
Атамдын өлүгүн сыртта калтырбаган кайын-
журтума абдан ыраазымын. Мен алардан
бул нерсени күткөн эмесмин. Көрсө, жакшы
адамдар бар экен. Бул жакшылыктарын
өмүр бою унутпайм.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды
окусаңыз болот:
Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан
койнуна уктады