Саламатсыздарбы эжелер, менин атым Назгүл. Мен сиздер менен жашоомдо болуп жаткан оор абалды айтып бөлүшкүм келди. Анткени сиздердин араңыздарда көптү башынан өткөргөн көсөм адамдар бар. Мага сиздердин кеңеш керек болуп жатат. Сураныч заар сөздөрдү жазбай эле коюңуздарчы.

Эки жыл мурун мен фейсбук аркылуу өзүмдөн он эки жаш улуу адам менен таанышып калдым. Ал адамдын жазгандарынан сабаттуу интеллигент адам экенин билсе болот. Биз бир жылдай фейсбукта дос болуп жүрдүк менин сабактарыма да жардам берип, жакшы кеңештерин айтып келди. Ал учурда мен өзүм курактуу жаш жигиттер менен таанышып, бирок алар менен болгон мамилем көпкө созулбады. Акыры фейсбуктагы досум Асыл менен жакындан таанышкым келди. Анткени ошол кезде мени жакында үйлөнөбүз деп жаткан жигитим таштап башкага үйлөнүп алган эле. Асыл жолугушаар алдында майып экенин айтып коляска менен келерин билдирди. Мен Асылдын үйүнө жакын жерге бардым. Асыл менен эки сааттан ашуун кафеде чай ичип сүйлөшүп отурдук. Мени жашоодо чөкпөшүмду айтып жатты. Ал жети жыл мурун жол кырсыгынан улам майып болуп калганын, жаңы үйлөнгөн колуктусу таштап кеткенин айтып бирок ичер суу түгөнбөсө жашай бере турганын айтып жатты. Анын ар бир сөзү мени өзүнө арбап алып жатты. Ошентип биз тез-тез жолугуша баштадык. Асылга чейин мен боштукта максатсыз жашап келгенимди түшүндүм. Экөөбүз чогуу жашай баштадык. Ал менин колумду сураганда гана ата-энем биздин бактыбызга каршы чыгып жатат. Атам болсо “майыпка тийсен топурагымды түйүп берем ”-деп жатат. Апам болсо “Жаш туруп жашооңду тебелеп жатасың, аны жашасан балалуу да боло албайсын анын аялы эмес малайы болосун, кокус төрөсөң майып төрөлөт”-дейт.  Айтор эки айдан бери ушундай уруш-талаштын ортосунда калдым, бирок мен Асылга болгон сүйүүмду өчүргүм келбейт. Менин тандоом туурабы же жаштык кылып калпыс басып жатамбы?