Ата-түрк паркынан менчикке 153 участок берилип хан сарайлар курулганбы?
20-чын куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваБул тууралуу Фейсбуктун колдонуучусу Бекнияз Таштанбеков жазды:
«16 гектар жер эле 16 гектаар!-деп кыйкырып жаткандар, силер билесиңерби буга чейин канчалаган гектарлар жең ичинен жеке жактарга берилип кеткенин? Жада калса Ата-Түрк паркында четинен кемтип чиновниктер үй салып алып, анын оордуна бир тешигиңди бүтөп бердиби? Жок! Эмнеге? Анткени ал убакта бүт коррупциялык жол менен акырын бирөөлөргө берилип кетчү! Эми болсо С.Жапаров ошону ачык айтып, 16 гектар берели… анын акчасына ак үй куруп беришсин, бюджеттин бир сом коротпойлу дегенди көрүп ызылдап эле жатып калдык! Эй туугандар бир иш кылдырабызбы бул бийликти? Же ар бир демилгесине каршы болуп, колу бутун байлап эле отура беришибиз керекпи? Ой ак үй салынып калса аны Садыр Жапаров өзү менен ала кетпейт ал калат.. Кийинки муун да ал жакта отуруп иштейт»,-деп жазды ал.