Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров бийликке баш оору жаратабы?
29-теке, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваЭгерде тергөө, сот органдары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго козголгон кылмыштарды далилдеп, элдин астында ачыктап бере албаса, анда аягын элестете бергиле. Экөө тең каршылык көрсөтүшүп, бийлик менен күрөшүүгө белсенип калышкандай. Кандайдыр бир деңгээлде электораттары бар экени ырас. Каражаттары да кыйла көп. Мындай шартта маал-маалы менен эл чыгарууга, саясый олку-солкулуктарды жаратууга, пиар багытында иштөөгө эмнеге болбосун?
Биздин баамыбызда, Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров бийликтин рейтингин түшүрүү үчүн бар күчтөрүн жумшай беришсе, аягында башка саясый күчтөр да кошулуп, коркунуч жаралышы мүмкүн. Дал ушул опурталдуу, түйшүктүү чыйырга из сала алышабы? Дагы бир жагдайдан алганда, эгерде Садыр Жапаров жакшы иштеп кетсе, элде нааразычылык кескин азайса, анда береги камактагылар саясый күчкө ээ болбой калышары мүмкүн. Билинбегени менен айыгышкан күрөш башталып калды. Өзгөчө Асылбек Жээнбековдун айбаты айга жанары айтылууда…
Булак: Азия News гезити