Саясат

Асылбек Жээнбеков: «Инсан, депутат, парламенттин төрагасы катары да эч качан мыйзамсыз иштерди жасаган эмесмин»

Социалдык тармактарда тергөө абагында жаткан Асылбек Жээнбековдун билдирүүсү тарады.

Анда, Жээнбеков ага коюлуп жаткан айыптар негизсиз экенин айтат.

“Мага байланыштуу болуп жаткан бул иштерди мен саясий күрөш деп эсептейм. Мыйзамсыздык үстөмдүк кылууда, өлкөнүн Конституциясы, мыйзамдар бузулуп жатат.

Үч жолку чакырылышта парламентке депутат, эки ирет Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландым. Инсан катары да, депутат катары да, парламенттин төрагасы катары да эч качан мыйзамсыз иштерди жасаган эмесмин.

“Кумтөр” иши боюнча менин таза экенимди ошол кезде кабыл алынган документтер өзү эле айтып турат. Убактылуу депутаттык комиссия даярдаган токтомду төрага катары мен кол койгон парламенттин чечимдери менен салыштырып, окуп, көргөн адам өзү баарын түшүпнүп алат. Баарыбыздын кылганыбызды Кудай өзу таразалап коет.

Эпидемиологиялык кырдаал да кайрадан курчуп жатат. Мындай учурда мамлекетибизге ынтымак, биримдик керек.

Акыркы кезде мага артылып жаткан куру доомат, жалган-жалаа мени адилеттик, акыйкаттык, абийир үчүн күрөшкө түртөт. Баарыбыз мыйзамсыздыкка каршы турушубуз керек.

Келечекте балдарыбызга калтыра турган эң чоң байлык-укук, мыйзамдуулук, үстөмдүк кылган Кыргыз мамлекети.

Мага колдоо көрсөтүп жаткандарга ыраазычылык билдирем. Урматтоо менен, Асылбек Жээнбеков”,-деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, Асылбек Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 31-майында “Кумтөр”  маселеси боюнча камакка алынган.

Нет описания.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *