Аскар Салымбеков 100 миң медициналык маска сатып алууга каражат бөлүп берет
18-жалган куран, 2020-ж // //Ишкер, Аскар Салымбеков 100 миң медициналык маска сатып алууга каражат бөлүп берет.Бул тууралуу, ал өзүнүн Фейсбук баракчасына билдирди.
“Тилекке каршы коронавирус бизге да келди. Коронавирус менен күрөшүү үчүн биз “Дордой” ассоциациясынын штабын түзүүнү туура көрдүк.
“Дордой” ассоциациясы коронавирустун өлкөдө жайылышын алдын алуу үчүн, медициналык 100 миң маска сатып алууга Республикалык штабга каражат которот.
Буга катар, Бишкектин тазалыгын камсыздаган “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери үчүн 30 миң маска сатып алууга каражат бөлүп беребиз!” – деп айтылат билдирүүдө. Буга катар, ал калкты дүрбөлөңгө алдырбоого, чектөөлөрдү жана дарыгерлердин айткандарын аткарууга чакырып өткөн.
“Өзүңөрдү карагыла, биз биргебиз!” – деп жазган Салымбеков.