Арстан Алай: «Мен кудаймын» Экпертизанын жыйынтыгы чыкты…
21-бирдин айы, 2020-ж // //Арстан Алайга козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер бакшы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, экспертиза Арстан Алайдын “Мен кудаймын” деп айткандарынан эч кандай расалык, этникалык, улут аралык, диний кастыкты козутуунун белгилерин тапкан жок.
Эскерте кетсек, 16-октябрда Жогорку Кеңеште «Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Улукбек Ормонов Арстан Алай өзүн “Жаңы Кудаймын” деп айтканы тууралуу билдирип, тиешелүү органдарга кайрылып, чара көрүүнү талап кылган болчу-деп Факт.кж билдирди.