Коом

Апамдын айтканын укпай сүйлөшкөн жигитимдин кылган жоругу бул

Атым Каражан. Болот дайыма ушинтип эркелетет болчу. Экөөбүз жаштыктын от болуп жанып турган кезинде кыз-жигит болуп төрт жыл сүйлөштүк. Байкелери, жеңелери, эжелери менен сыртынан тааныш элек. Болотко турмушка чыккан мындай калсын, “жанына жолобо”, “бул сени талаага таштап кетет”, “эгер ушуга тие турган болсоң топурагымды түйүп берем” деп апам айтат. Эжекем “азыр жолугушууга кете турган болсоң, сендей сиңдим жок” деп кесе айтчу.
Болотту ак эткенден так этип, көзүмө эч нерсе көрүнбөй сүйдүм. Күн, түн, таң келсе да үйдөгүлөрдүн каршылыгына карабай, эшикти тарс жаап чыгып кетет элем. Ал күндөрдүн баары эсимде. Жакшы эле сүйлөшүп жатканбыз. Бир күнү эле телефонго таптакыр жооп бербей калды. Эртеси өзүнүн классташ кызына үйлөнүп айылга кетип баратканын дос баласынан уктум. Андагы сезимдеримди сөз менен жеткире албайм. Ыйладым, ызаландым. Аркасынан барып көшөгөгө олтуруп алгым келди. Намыстандым, ата-энемди, бир туугандарымды ойлодум. Элден уялдым. Кала бердим.
Башында жаман болдум. Апамдарга “силер үчүн ага маакул болгон жокмун, мына башкага үйлөнүп кетти” деп калп айттым. Анан эмне демек элем? “Силерге каршы чыгып, жашоомду арнагым келген сүйгөнүм, мени таштап кетти” демек белем?
Аябай кыйналдым. Унутуп коё албайт экенсиң. Бирок, мезгил, убакыт бардыгын ордуна коё тура. Өмүрлүк жолдошумду жолуктурганга чейин бир дагы жигит купулума толгон жок. Болоттун таштап кеткени деле жакшы болуптур деп ичимен ыраазы болуп калам. Андан бери туура он бир жыл өттү. Соонун, камкор, үй-бүлө дегенде жанын берген, балдарым дегенде ичкен ашын таштай койгон, мени, үй-бүлөмдү сыйлаган жакшы адамга турмушкачыккам. Азыр бактылуу эне, сүйүктүү жармын. Буга чейинки кыздын окуясын окуп алып жазып жатам. Өзүмдүн башымдан өткөргөн окуядан улам бардыгын жакшылыкка гана жооруп коюңуз, демек ушундай болушу керек болчу деп айткым Өзүңүздү колго алып алдыга гана умтулуңуз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *