Коом

Апама үч баласы бар келин алып баратам десем жообу таң калтырды

Салам. Азыр ушунчалык бактылуумун деп койгула, силер менен бөлүшпөсөм
жарылып кетчүдөймүн. Анда эмесе бир мактанып алууга мүмкүнчүлүк бергиле.
“Качан үйлөнөсүң”, “жашың өтүп кетти”, “карт бойдок” деген сөздөрдөн качып, алыскы
райондорго жумушка орношуп алдым. Бойдок жүргөнүм дос-туугандарыма тынчтык бербей
койду. Жадакалса, эшиктеги Балтектин көзүнөн ушул суроону көрө баштадым. Бул жакта мени
эч ким тааныбайт, жыргап жүрө берем.
Чакан ишканада инженермин. Компьютерлери бузулса, точкасы күйүп кетсе, столунун буту
сынып калса, калеми тоголонуп полдун тешигине түшүп кетсе деле мени чакырышат. Көнүп
деле калдым, кайра жардамым тийип жатканына сүйүнөм.
Бир күнү бухгалтер эже кабинетине чакырды. Инструменттер салынган ящигимди көтөрүп алып
бардым.
– Мастер (жумуштагылар мени ушинтип коюшат), жакшысыңбы?
– Рахмат эже, эмнеңизди оңдоп берейин?
– Тиги бош турган времянкама квартирант киргиздим эле. Проводдору жыттанып жатат дейт.
Жумуштан чыгып бир карап берип койчу.

– Болду эже, айтканыңыздай болот.
Үйдө жөн жаткандан көрө деп макул болдум.
Жанараны бир көрүп жактырдым. Билбейм, жүрөгүм бат-баттан согуп, дем жетпей, кызарып
чыктым. “Сизге эмне болду? Өзүңүздү жаман сезип жатасызбы?”, акыбалымды сураганда
такыр эле өзүмдү жоготуп койдум.
66 Күн сайын “бул жериңизди оңдоп коюшуңуз керек экен”,-
деп, бухгалтер эженин үйүнө бара берчү болдум. Эже байкатпаганы менен, баарын сезип жатты.
Бир жолу үтүк оңдоп отурсам, Жанаранын алты жаштагы баласы жаныма келди.
– Сен менин атамсыңбы?
– Ооба.
– Анан буга чейин кайда жүрдүң?
– Силерди издеп жүрдүм.
Акылдуу экени көзүнөн көрүнүп турат. Унчукпай басып кетти. Бир аздан кийин Жанара келип
эмне үчүн андай дегенимди сурады. “Сени сүйөм” дедим. Уулуна окшоп унчукпай басып кетти.
Тырышып жүрүп көңүлүн таптым.
Жанаранын бир эле баласы бар экен. Кызыл камчы күйөөсү менен ажырашып кеткенине көп
болуптур. Берки эки баласы каза болгон эжесиники экен. Жездеси таштап кетип калыптыр.
– Апа, кандайсыз? Атамдар жакшыбы?
– Жакшы балам. Тынчылыкпы?
– Силерге келин алып барайын деп жатам.
– Болсун, айланайын, болсун. Алып келе бер, биз даярбыз.
– Апа, анан… неме… Келиниңизге кошуп үч небере алып барам.
Бир саамга унчукпай турду.
– Апа?
– Алып келе бер, кудайдан небере сурап жүрдүм эле, минтип дароо үчтү берди.
– Апа рахмат, силерди каршы болот го деп коркком.
– Балам, эгер бактыңды ошол адамдан көрүп турсаң, эмнеге каршы болобуз.
Ата-энемдин сүйүнүчүндө чек жок, неберелерин эркелеткенден тажашпайт. Балдарым “ата”
десе, жүрөгүм башкача боло түшөт. Келинчегим менен апам дагы бат эле тил табышып
кетишти. Күлүп сүйлөшүп отургандарын көрүп ичип жылыйт.
Ооба, шыбырашкандар толтура болду. Бирок, мен аларга эч көңүл бурбадым. Баса жакында
төртүнчү ирет ата болгону турам. Ушунчалык бакытылуумун!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *