Коом

Апам келинине эмне деп айтканымды угуп мени үйдөн кууп чыкты

Колдоо издеп барган жаным жамбашым ачышып, чындыкты угуп келдим. Апама башында
таарынып, бултундап чыгып кеткем. Үйгө келгиче беш эчким тарап, баарын жакшылап ойлондум. Чын эле, апам айткандай, Жамилядан (келинчегим) бир жамандык көргөн жокмун.
Досторум “эмне жасана баштадың” дешкенде эле кеп бар болчу. Аялым “жуунуп аласыңбы” деп эркелеп карап койсо эле душка жөнөйм. Күн сайын душка түшүп кадимкидей жагымдуу жыттана баштадым. “Муну кийип аласыңбы, сага жарашат” деп футболка берет. Аны кийсем көчөдөн кыздар кылчая карайт. Чындап эле сулуу болуп калдым окшойм деп коем. Жумуштан
эжелер духимди мактайт. Ал духини келинчегим белекке берген.
Сырткы дүйнөм гана эмес, материалдык жактан дагы өзгөрдүм. Жумуш болбой кейип келсем,
келинчегим, “сенин колуңдан баары келет, ошого кейип отура бересиңби” деп койсо, маанайым көтөрүлүп калат. Колуман баары келерине ишенип, көп жумуш аткара баштадым. Машина
алдым, жер алып, там сала баштадым.
Бир жума мурун экөөбүз болбогон нерсенин айынан таарынышып кеттик. Ачуум менен “сага
үйлөнгөндөн бери бир жакшылык көрбөдүм” деп айтым алдым. Кайра кечирим сурабастан
барып жатып алдым. Ыйлап отурган, эртең менен турсам үйдө жок экен.
Күнөөлүү адам өзүн кандай сезерин ошондо билдим. Телефонумду жүз жолу алып, кайра
ордуна койдум. Кат жазып, кайра өчүрдүм. Анан апама жөнөдүм.

Колундагы кол аарчысы менен жамбашыма чапты. “Бала болбой сен кургур, келиниме эмнеге
айтып айтасың. Жакшылык көрбөй анан эмне кылып жүрдүң. Кебетеңди карачы, ушунун баары
келиним кылды. Мени уят кылып, кир, анысы аз келгенсип жыртык футболкаңды кийип жүрчү
эмес белең. Аялыңдын баркына жете албасаң, эртең эле жашоо ордуңа коюп коет. Тур, мага чоң
иш кылганыңды айтпай, келинимден кечирим сура. Эмкиде келбесең, башыңды жулам.”
Телефон чалдым. Курбусунукунда экен. Дароо бардым. Эшикти өзү ачты. “Кечирип койчу”
жерди күнөөлүү карадым.
– Мен сени дароо келет экен деп күткөм.
– Апама барып калдым.
– Апам жакшыбы? Бир нерсе болдубу?
– Баары жакшы, кабатыр болбо.
– Жамбашынды эмне кармап жатасың?
– Апам катуу чапты.
– Эмнеге? (күлүп)

– Келинине болушту.
Экөөбүз каткырып кирдик.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *