АНЖЕЛИКА: “БИРӨӨНҮН КҮЙӨӨСҮН ТАРТЫП АЛГАНДАЙ АЖЫЛДАГАНСЫҢАР…”

АНЖЕЛИКА: “БИРӨӨНҮН КҮЙӨӨСҮН ТАРТЫП АЛГАНДАЙ АЖЫЛДАГАНСЫҢАР…”

25-бештин айы, 2019-ж // //

Эстрада ырчысы Анжелика Кайратова жеке жашоосу боюнча Инстаграм баракчасына жазып, элдин сынына көп кабылат. Бул жолу ырчы айым аны сындагандарга жооп жазды:

Силер кыздарымдын, менин, атасынын кантип жашап жатканымды билбейсиңер. Кыздарым атасы менен бат-бат көрүшүп турушат. Бизди түбөлүккө байланыштырган кыздарыбыз бар. Жашоону өзүбүз каалагандай кылып түзүп жатабыз!

Бир учурда тим эле бирөөнүн жашап жүргөн күйөөсүн мен тартып алгандай ажылдагансыңар. Мейли, көрөбүз дегем. Обу жок аялдын сөзүнө кирип, ишенгендер андан бетер болуп кеткен. Мен ичимдеги бугумду, айтаар сөзүмдү ичиме бекем катып : “Анжелика, бул сыноо. Баары өтөт”- дээр элем.

Канчалаган азгырыкка, жаман жолго кадам таштабадым. Мен башты иштетип, акча таап, жоопкерчиликтүү мамиле жасайм. Ошондон мени сыйлагандар аз эмес-деп жазып чыккан.