Акыркы үч айда Кыргызстанга 7 миңден ашуун пакистандыктар келишкен

Акыркы үч айда Кыргызстанга 7 миңден ашуун пакистандыктар келишкен

23-баш оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Социалдык тармактарда Бишкек шаарында Түштүк Азия өлкөлөрүнүн жарандары көбөйүп кеткендиги кызуу талкууга алынууда. Соцтармактын айрым колдонуучулары муну Афганистандагы абал менен байланыштырып, кооптонуп жатышат. АКИpress агенттиги бул көрүнүштүн чоо-жайын түшүндүрүүгө аракет кылды.

2021-жылы 8-июлда КРнын министрлер кабинетинин төрагасы айрым өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүнү жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө токтомго кол койгон.

Кыргызстан жалпысынан 79 мамлекеттин жарандарына өлкөгө келүүсүн жөнөкөйлөштүргөн. Алардын ичинен 11 өлкөнүн жарандарына өзгөчө эрежелерди киргизген.

Алар: Алжир, Бангладеш, Египет, Индия, Иордания, Ливан, Марокко, Непал, Пакистан, Тунис, Шри-Ланка.

Бул өлкөлөрдүн жарандары БАЭ, Сауд Аравия, Кувейт, Катар, Бруней, Оман жана Бахрейнде жашоого уруксаты болсо же, башкача айтканда, резидент-картасы болсо, анда Кыргызстандын туристтик визаларын (өлкөдө 1 айга чейин жүрүүгө уруксат берет) оңой ала алышат.

Жогорудагы өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүнү жөнөкөйлөтүү режими 2022-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

Ал эми Пакистандын жарандары визаны Бишкек шаарындагы аэропортко келгенде алышат. Мындай чара Кыргызтан тараптан «виза берүү режимин либералдаштыруу жана инвестиция тартуу, ишкерлик, туристтик тармактарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүү» максатында киргизилген.

Виза берүүнү жөнөкөйлөштүрүү чындыгында өлкөгө чет элдик жарандардын келүүсүнө таасир этти.

Түштүк Азия өлкөлөрүнүн жарандары Кыргызстанды карантинде болуп турууга ыңгайлуу транзиттик өлкө катары көрүүдө. Алардын дээрлик баары Кыргызстанга келгенден кийин, кайра Сауд Аравияга учуп кетишет. 2020-жылы Сауд Аравияда 2,5 млн пакистандык бар болчу.

Жакында эле Сауд Аравиядагы коронавируска каршы күрөшүү эрежелери өзгөрүп, мигранттар COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек деген талап киргизилди. Сауд Аравия мигранттардан «Moderna», «Pfizer», «Johnson&Johnson» жана «Astra Zeneca» вакциналарынын бири менен эмделүүнү талап кылып жатышат. Же болбосо мигранттар «жашыл зонада», башкача айтканда эпидемиологиялык абалы жакшыраак мамлекетте 2 жума карантинде болушу кажет. Сауд Аравия Кыргызстанды «жашы зонага» киргизген.

Пакистанда Сауд Аравия талап кылган вакциналар жок болгондуктан, пакистандыктар башка өлкөдө карантинде болууну тандашат. Ал эми аларга Кыргызстанда виза оңой берилгендиктен, Бишкек шаарында карантин өткөрүүгө кызыктар болуп жатышат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы билдиргендей, жай мезгили башталгандан бери (1-июндан 18-августка чейин) Кыргызстанга жалпы 850 миң 60 чет элдик жаран келип, анын ичинен 829 миң 811 адам кайра кеткен. Пакистандан өлкөгө 7447 адам келсе, кайра 4013 киши өлкөдөн чыгып кеткен.

Кыргызстанда Пакистандан жана Индиядан келген миңдеген студенттер билим алышат. Алардын көбү окуу жылы башталганына аз калгандыктан, Кыргызстанга келе башташты. Себеби бул жылы Кыргызстанда жогорку окуу жайларындагы билим берүү өткөн жылга салыштырмалуу оффлайн режимде жүргүзүлүшү мүмкүн.

«Манас» аэропортунун сайтындагы маалыматка караганда, акыркы аптада Бишкекке Пакистандын ар кайсы шаарларынан (Исламабад, Лахор, Пешавар) күнүнө жок дегенде бир учак учуп келерин көрүүгө болот. Бардык каттамдар — чартердик.

Ошондой эле пакистандыктар Бишкектен тышкары Дубай, Стамбул, Кувейтке дагы учушат. Ал жактарга күнүнө бир нече учак учат.

Өз кезегинде Кыргызстанда окуган пакистандык студенттер элди тынчтандырууга шашышты.

«Биз кээ бир адамдар Бишкектеги Пакистандын жарандарын Ооганстандын жарандары менен байланыштырып, терс маалымат жарыялап жатканын көрүп жатабыз. Бишкектеги чет элдиктер студенттер эмес. Алар бул жерде 15 күн карантинде болушат, андан кийин Дубайга жана башка өлкөлөргө учуп кетишет. Кыргыз өкмөтү аларга бул жерде болууга уруксат берген», — деп айтылат Пакистандын Кыргызстандагы студенттер федерациясынын кайрылуусунда.