Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековдун адвокаттарынын облустук соттун аны камакка алуу чечимине каршы арызын карады.

Мамлекеттик айыптоочу айыпталуучуну камакта калтырууну суранды. Прокурордун айтымында, Акбөкөн Таштанбековго Кылмыш-жаза кодексинин оор беренеси боюнча айып тагылган. Мындай мүнөздөгү кылмыш үчүн жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын негизсиз тандаганын билдирди. Анын айтымында, ал эч качан улуттар аралык араздашууну тутанткан эмес. Сот айыпталуучунун инсандыгын, интернационалист жоокер катары алган сыйлыктарын эске алган эмес.

«Социалдык тармактарга жарыяланган видео бир нече жыл мурун тартылган. Мындан тышкары, сот Акбөкөн Таштанбековдун туруктуу жашаган жери бар экенин жана эч жакка качуу ниети жок экенин эске алган жок. Камакка алуу сот тарабынан тандалып алынган өзгөчө бөгөт коюу чарасы болуп саналат. Тергөө менин кардарым жашырып же иштин жүрүшүнө тоскоол боло аларын далилдей элек», — деди Таалайгүл Токтакунова.

Акбөкөн Таштанбеков өзү бул иш боюнча күбөлөр жана жабырлануучу жок экенин билдирди. «Мен дагы, тергөө дагы жабырлануучунун өздүгүн аныктай элек. Бул видеонун көбү кесилген, монтаждалган », — деди ал.

Шаардык соттун коллегиясы биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.