Айзада Жамгырчиеванын “көз жашы”…
28-теке, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева
Кыргызда “атын чыкпаса жер өрттө”- деген учкул сөз бар. Ошол сөз бүгүнкү күнү бир топторуна туура келип жаткандай. Президент ыктыярчылар менен жолуккандан кийин бул сөздүн чындыгы дагы бир жолу далилденди. Алып баруучу, блогер Айзада Жамгырчиева: “Менин сунушумду угуп, Президент атайын Таласка иш сапар менен барды. Мен сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибердим”-деп интернетке жарыя кылды. Коомчулук буга дароо терс реакциясын көрсөттү.
“Айзада, сен президенттин Таласка барганына эмес, апаат илдеттен каза болгон кыргыздын мыкты инсандарына ыйла”-деп ачуу сөздөрүн, сын-пикир катары билдиришкен. Кээ бирлери болсо “мамлекет башчынын алдыдагы иш планы керек болсо бир ай мурун түзүлөт”-деп белгилешкен. Чындыгында эле ошондой. Ал эми кээ бир татаал чукул кырдаал учурунда гана президеттин иш планына өзгөртүү киргизилиши толук мүмкүн.
Албетте Айзада менен президенттин иш планы дал келип калды өңдөнөт. Мамлекеттик иш-чараларга алып баруучу болуп жүргөн Айзада Жамгырчиева бул маселелрди сопсонун эле түшөнөт. Бирок кургур пиар деген нерсе абдан азгырыктуу тура.
ARGUMENT.KG