Коом

Аялын кызын өлтүрүп, сөөгүн канализацияга жашырып чет өлкөгө качып кеткен

Аялын баласын өлтүрүп, өзү башка өлкөнүн жарандыгын алып алган. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазып чыкты.

Жабырлануучунун айтымында, анын апасы менен бир тууган сиңдисин өгөй атасы өлтүрүп кылмыш ишин жашырып , жоопко тартылбас үчүн Россия Федерациясынын жарандыгын алып алган.

Апасы кичинекейин колуна алып күйөөсү менен башка шаарга кетишкен. Бул учурда биринчи турмушундагы кызын туугандарына табыштап, үйгө жалгыз таштаган. Бир суткага жетпей өгөй атасы кызга кайрылып келип, апасы сиңдисине карап бир аз күн калганын айтып өзү россияга жол тарткан.  Ошол эле күнү кечке маал кызга апасы кеткен шаардан милиция кызматкерлери чалып, апасын бирөөлөр өлтүрүп кеткенин билдиришкен.

«Ал күнү өгөй атам кайра эле кайтып келди. Апамды сурасам, сиңдим ыйлап жолго чыкканда кыйналып жатканын айтып бир аз күнгө калганын айтты. Өзү болсо командировкага бара турганын билдирип шашып жатканын айтып, бир нече кийимдерин жыйнап алып чыгып кеткен. Ал эми ошол эле түнү мага Атбасар шаарынын милиция кызматкерлери чалып апамдын жансыз денесин табышканын кабарлашты «, — дейт жабырлануучу кыз. Ал эми кийинки күнү болсо канализациянын ичичнен эки жашар кыздын өлүгү табылганын билдиришкен. Бул жабырлануучу кыздын сиңдиси болгон. Бул кылмышка шектелип анын өгөй атасы издөөгө түшкөн. Арадан эки жыл өткөндөн кийин өгөй атасы Казань шаарынан кармалган. Ал кылмыш ишин жашырып, жоопкерчиликтен кутулуу үчүн Россия Федерациясынын жарандыгын алып алганы такталган. Жакынкы арада Казан шаарында бул кылмыш иши боюнча каралып, соттук өкүм угузулмакчы болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *