Аялым депутат аяш атамдын ойношу экен
22-аяк оона, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваЭки жыл мурун аялымдын артынан эки жылдан ашуун чуркап жүрүп үйлөнгөм. Эми үйлөнгөнүмө өкүнүп жатам. Кымбат кийинип, маданияттуу сүйлөгөн сүйүктүүм көрсө элиталардын сойкусу экен. Аны кокусунан бир депутаттын айдоочусу болуп жүргөн досум айтып берди.
Көрсө, аялым студент болуп жүргөндө эле мугалимдер менен жүрчү экен. Ошентип алардын жардамы менен окуусун кызыл менен аяктап, жумушка кокусунан таанышып калган депутаттын жардамчысынын арты менен кириптир. Бир жыл өтпөй ага бир депутаттын көзү түшүп калып аны менен жакын мамиледе жүргөн экен. Жыл сайын депутаттарын алмаштырып үйлүү, машинелүү болуптур. Качан элиталарда жүрүп алардан жашоону үйрөнгөн тура. Анан алардан убактылуу гана пайда чыгарын билгенден кийин мени сыртыман акмалап жүрүп таанышкан экен. А мен байкуш баары кокустук деп эсептеп анын артынан калбай чуркаганымчы. .. Ансыз жашоом бүтүп калганын эстеп түн уйкудан калган күндөрүмчү…
Мени башка чаап көзүмдү ачкан киши болсо гана. Эл көзүнө чоң той берип сүйүктүүмдүн ойношторун тоюна чакырып мактанып ит болгонумду эми түшүндүм. Кудай мени болгондо да катуу жазалаптыр. Эми бир тууган ата-энеме кантип айтам. Кантип алар катышып жүргөндөрдүн көбү менин аялым менен кучакташып таңатырганын айтам.
Аялым болсо элге уят болбойм десең унчукпай жашайсың деп коркутуп жатат. Бирок мен аны менен жашагым келбей калды.
Аргумент.кж