Дүйнө кабарлары

Аял күйөөсүнүн акчасын өзүнө которуп аны болсо унутуп калып жатасын деп оорулуу кылып койгон

Аял акча алыш үчүн күйөөсүн психикалык жактан жабыркаганына көндүрүп, андан ири суммадагы акчаны уурдаган алган. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта,  63 жаштагы Донна Марино күйөөсү полицияга кайрылгандан кийин ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалган. Анда жабыркаган адам 2019-жылдын март айына чейин аялы андан акча уурдап жүргөнүн билбегенин айткан. Бул учурда аялы күйөөсүн Альцгеймер оорусу менен ооруп жатканын айтып, кылгандарын унутуп калып жатасын деп күнөөлөй берген.

Аял күйөөсүнүн пенсиясын, социалдык жөлөкпулдарын жана кызматкерге компенсациялык төлөмдөрдү алуу үчүн анын колун тымызын жасалмалаган деп айыпталууда. Мыйзамсыз ыкма менен алынган акча каражаттары өзүнчө банк эсебине салынган.

Аял сурак учурунда  акчаны көп учурда жакшы иштерге жумшаганын айткан: ал туугандарына берген, ижара акысын жана тамак-ашынын, унаасын төлөөгө жардам берген.

Марино уурулук жана жасалмачылык боюнча айыпталган. Ал 25 миң доллар (1,7 миллион рубль) күрөө менен камакта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *