Адахан Мадумаровду колдоп барган Кундуз Жолдубаеванын күтүүсүз кадамы
04-аяк оона, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваЭкс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева кайрадан митингге чыгып, бул жолу Адахан Мадумаровду колдоп жатканын билдирди. Мамсимумдун астындагы митингди колдоп жүрүшүн ар ким ар түрдүүчө жоруп, “эми Атамбаев бүтүп, Мадумаров калыптырбы!- деп терс пикир жазгандар да жок эмес. Ал эми саясий аналитиктер болсо сүрөткө өз пикирлерин билдирип, Кундуз оппозицияга өтүп, бийликке каршы кадамдарга барууда деген божомолдорун айтышууда.
Ал эми Кундуз Жолдубаева болсо шайлоодо акыйкатсыздык болуп жатканын, БШК туура эмес кадамдарга барып, акылга сыйбаган ыплас иштерид жасап жатканын ачык билдирди. Демек бул жол менен митингдер уюшулуп жатса бийликке каршы саясий күчтөр жандана башташынан кабар берет.
Аргумент.кж