Абылгазиев алты райондун акимин иштен алды
22-бирдин айы, 2019-ж // //Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, үч облустагы алты райондун акими ээлеген кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Кызмат орду менен кош айтышкан жергиликтүү атка минерлердин тизмеси:
– Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Таалайбек Ажиев
– Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Улан Доконбаев
– Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Жумгалбек Дүйшебаев
– Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Масалбек Мырзамамытов
– Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Майорбек Сатымкулов
– Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Азамат Эсенбеков.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин дагы бир буйругу менен Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамадминистрация башчысынын биринчи орун басары Каныбек Камбаралиев ээлеген кызматынан бошотулду.
Бул чечим өкмөттүн 15-февралда өткөн жыйынында кабыл алынган.
Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов алты райондун акимин жана бир райондун акиминин биринчи орун басары кызматтан алууну сунуштаган болчу.
Булак: Калыс Медиа