Маданият маалымат жана Туризмдин министринин мурунку министри Түгөлбай Казаков бир интервьюсунда дааватчылар тууралуу пикирин билдирген. Көп өтпөй социалдык тармактарда ар турдүү пикирлер, эки жаатка бөлунгөн талашуулар башталган. Буга Абдикамит Шерипбаев жооп жазып чыкты. Аны өзгөрүүсуз берүүнү туура көрдүк.
“Түгөлбай Казаков агай, министр Кайрат Иманалиевден даават угуп алыңыз. Ал дайыма Бекешов экөө мечитке келип даават угуп, намаз окуп кетчү. Миң кычырап элдин эсебинен костюм шым кийген, миллион сомдук саат тагынган элиталардан көрө сиз айткан самтырап кийинген, элди ыйманга, элдин акысын уурдабоого чакырган бир даватчы артык. Же сиздин күйдүм-сүйдүм ырларыңыздан көрө-бир азан үнүн угуп, «ыймансыздарга ыйман бер» деп бата кылуу артык.
Дааватчылар кечээ күнкү алкаштар депсиз. Туура, арасында кечээ күнкү алкашы бар, бандити бар. Бирок ошолор биздин жол туура эмес экен, силер да биздей болбогула, пайгамбарыбыз көрсөткөн жол бар экен. Ыйман жолу, ыйманга келгиле деп, уурдабагыла, алдабагыла арам тамак болбогула деп элди ыйманга чакырып жатат.
Бул мусулмандын милдети. Сиз да өзүңүздөй исламдан адашкандарды ээрчитип, министр Кайрат Иманалиевди ээрчип мечитке келиңиз… артистин турмушун сөз кылбай эле коёлу”-деп жазган.

АRGUMENT.KG