Аалы Туткучев: “Кыргызстанда эч качан жаман сөз айтпаган бир эле адам бар…”
14-баш оона, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваБелгилүү акын Аалы Туткучев, теледиктор Бактыбек Мамытов тууралуу өз пикирин билдирди
КР эл артистти, «Даңк» медалынын ээси Бактыбек Мамытов. Эч кимге душмандык кылбасаң да сага душмандык кылуучулар четтен табылат. Бирок, бул кишинин душманы жоктой сезилет. «Адам кумурага окшош, ичине эмне толтурулса оозунан ошол төгүлөт”-дейт. Куттуктоо, каалоо-тилек, ак-бата, жакшы сөздөрдү гана сүйлөгөн адам. Демек, жүрөгү ошол нерселер менен толтурулган. Бир да киши жөнүндө жаман пикир айтканын уккандар болбоптур. Эч кимдин суранычын четке какпаптыр. Жакшылыктын символу болгон Сиздей адамдар кызыл китепке кирип калган заманда жашап жатабыз.
Абай Кунанбаев:
Жамандар мен жаксы-деп айхайлайды,
Жаксылар мен жаксы-деп айталмайды.
Жүргеннен соң бауырында күнде көрип,
Таулардын бийиктиги байкалмайды-деген эмеспи. Жамандар өзүн же партиясын мактап кыйкырып жатканда, бул киши унчукпай иш жасап жатат. Оорубаңыз, көп жашаңыз! Жакшы адамдар көп болсо экен ылайым, деп жазган акын Аалы Туткучев.