ДомойСаясатКоррупциялык чынжырча бийликти кысып муунтуп калды, бул чечүүчү мезгил

Коррупциялык чынжырча бийликти кысып муунтуп калды, бул чечүүчү мезгил

Парламент иштин жүрүшүнө каршы болуп туруучу орган сыяктанып калды. Мисалы Адахан Кимсанбаевич эч кайсы мыйзам долбоорго макул болбойт, бирок өзү тараптан бир да сунуш жок. Анын катарында отурган депутаттар да динден кабарым бар, англис тилин билем деп эле зыңгырайт. Анткени менен бир да алгылыктуу мыйзам долбоор сунуштай элек. Сунуштагандары бала бакчадагы эле балдардын сунушу. Оорукананы шыпаакана дейли деген сыяктуу.
Иликтесең деле, иштин жүрүшүн карасаң деле мурунку Бакиевдердин жакындары, кайнилери, кыйыр туугандары парламентти деле ээлеп алгандай.
Туш туштан кылмыштуу топтор бийликти тушап, айтканын кылдырууга аракет жасап жатышкансыйт. Муну казинону мыйзамдаштыруудан байкайбыз. Депутаттар да кол коюшту. Албетте, казинонун кандайдыр бир деңгээлде экономикага пайдасы бардыр, бирок анын зыяны андан ашып түшөт да. Өлкөдө бийликке өтө зыянын тийгизчү коррупционерлердин кайтып келиши кооптондурат. Ширшов, анын э шофёрунун Санарип министри болушу, «Дастан» заводу баш болгон ири ишканалардын ага берилиши биздин президенттин азыр коррупция менен күрөшүп ары же бери болчу мезгили келгендигинен кабар берет. Убакыт келип жетти.

Цагана Байымбетова

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда