ДомойСаясатТашиев: Болот Темировду куугунтуктайын деген оюм жок

Ташиев: Болот Темировду куугунтуктайын деген оюм жок

Бүгүн, 23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы жана анын Temirov LIVE деп аталган ютуб-каналына чыккан соңку иликтөөсү боюнча маалымат жыйында берип жатат. Өз сөзүндө ал журналисттин кармалуусуна анын иликтөө материалдарынын тиешеси жоктугун билдирди. Ошондой эле журналистти сотко берип, куугунтуктайын деген ою жок экенин кошумчалады.

Атайын кызматтын төрагасы Temirov LIVE каналынын ал тууралуу иликтөөсүн иликтөө эмес, жалган жалаа деп атады.

«Акыркы 20 жылда саясатта жүргөн убагымда бир дагы журналистти сотко берген эмес экенмин. Туура эмес маалыматты жазышат, кээде ката кетиришет, маалыматтары так болбой калат. Ошондо деле «эмнеге туура эмес маалыматты туура эмес жаздың» деп журналист менен талашып-тартышып, сотко берген учурум болгон эмес. Керектүү уюмдар, керектүү адамдар аны сотко берип, ар-намысын коргоп алат деген ойдомун. Мен өзүм аны сотко берип, артынан түшүп, куугунтуктайын деген деле оюм жок. Журналисттин кайсы бир маалыматы үчүн анын артынан түшүү бизге абийир, жакшылык алып келбейт, маанилүү эмес. Андан маанилүү көптөгөн маселелерди аткарууга милдеттүүбүз. Убактыбызды майда-чүйдө, журналисттерге жооп берүү, же жалган маалыматтарды төгүндөөгө кетирбейбиз».

Камчыбек Ташиев  маалымат жыйында мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтып, иликтөөдө айтылган маселелер ошол жерде ишкерлердин жумуштары экенин билдирди. Ал жерде ондогон компания иштей турганын, алар мындан кийин дагы ишин уланта берерин кошумчалады. Ошондой эле журналисттерди ошол жерге барып, көрүп келүүгө чакырды.

«Мен эч качан мамлекеттен бир сом уурдаган эмесмин жана мындан кийин да уурдабайм, бул менин турмуштук терең позициям. Мына мен акыркы 20 жылда саясатта жүрсөм, мени эч ким коррупцияга барган же бирөөнүн мүлкүнө кол салган деп айыптай албайт. Биринчиден, менин жеке өзүмдүн Темиров Live сайты айткан маселелерге эч кандай тиешем жок. Экинчиден, ошол иликтөөдө айтылып жаткан маселелер болгону бизнесмендердин жумуштары. булар бир компаниянын аткарган жумуштарын айтып жатышат,  ал жерде ондогон компаниялар бар. Алардын бардыгы ушуга чейин иштеп жатышат, мындан кийин да иштей беришет. Себеби алар нак, таза мамлекетке зыян келтирбей бизнес кылып жатышат», — деди ал.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда