ДомойКоомАпам менин бактылуу болушумду каалабайт

Апам менин бактылуу болушумду каалабайт

Мен апамдын биринчи турмушунанмын. Кийинки турмушунан төрт кыз бир уулу бар. Мени таэнем багып өстүргөн. Атамды өмурү көргөн эмесмин, көрүүну деле каалабайм. Мен атама керексиз болбосом бир жолу келип башыман сылайт эле. Эки жыл мурун таэнемдин көзү тирүүсундө турмушка чыккам. Бир жылдан бери өмүрү менин амандыгыма кызыкпаган апам тынбай чалып жашоомо кийлигишип жатат. Мен чалуусун албай койсом, күйөөмо чалып, мен тууралуу жаман сөздөрдү айтат. Кайненемдин катуулугунан эле үйгө келе албай жатат. Күйөөм болсо кэде мени кет деп калчу болду. Кайненем өзү таенеме барып куда тушкөнү үчун гана мен бул үйдө кармалып келе жатам. Акыркы кезде күйөөм экөөбүздун ортобузга өз апам от жагып бүттү. Мага айтпай күйөөм башкаларга да бара баштады. Кайненеме ишенип унчукпай жашап келем. Мен да апамдай болуп алты айлык кызымды жетим калтыргым келбейт. Эмне кылганда апамдын ооозун тыйып, өз алдымча турмуш жугумдү тартам?

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда