ДомойДүйнө кабарларыБеш жашар кыздарды жылаңачтан ырым үчүн эгин жыйнаткан

Беш жашар кыздарды жылаңачтан ырым үчүн эгин жыйнаткан

Жамгыр кудайына сыйынуу учурунда бир нече беш жашар кыздарды жылаңач таяк менен эл аралатып бастырган. Бул тууралуу балдарды коргоо эл аралык уюмдар жазып чыгышты.

Маалыматта, Мадхья-Прадеш штатынын Бунделханд районунун тургундары жамгыр жаадыруу ырымын жасашкан. Мында ырымга болжол менен беш жашар кыздар катышкан. Аларды узун жыгачтын башына бака байлап эл көзүнө жылаңач бойдон таяк менен бастырып чыгышкан. Жыланачтанган кыздар үймө-үй кыдырып бир кун кечке эгин чогултушкан. Көп өтпөй бул тууралуу полиция кызматкерлерине билинип, алар айыл тургундарын суракка алганда бир ооздон кыздар өз ыктыяры менен чыгышкан. Кээ бир кыздардын ата-энелери артынан кошо ээрчип жүргөнүн билдиришкен. Ал эми бул көрүнушкө балдардын укугун коргогон эл аралык уюмдар каршы чыгып, балдарды мындай –ырым жырымдарга курмандык кылуу кылмыш кылуу менен барабар экенин жазып чыгышкан.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда