ДомойКоомКайын журтуна мал союуга жардам берген күйөө бала, түндө кайра келип этти...

Кайын журтуна мал союуга жардам берген күйөө бала, түндө кайра келип этти уурдап кетти

Казакстандын Жамбыл облусунда кайын журтуна мал союуга жардам берген күйөө бала, түндө  кайра келип этти кайра уурдап кетти.  Бул тууралуу Казакстандын басылмаларынын бири жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Жамбыл облусунун айылдардын биринде орун алган. Үй ээлери эрте менен эт сакталган кампаны караганда, эшик талкаланып этти уурдап кетишкенин билишкен.
Бул окуяга үй ээлеринин күйөө баласынын тиешеси бар экени аныкталган.
Көрсө, түн ортосунда ал киши сарайдын эшигин талкалап, этти түгөлдөй алып кеткен.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү уурулук учурунда мас болгонун жана согумду асып жеш максатында алгандыгын мойнуна алган. Эми этти асып жегиси келген шектүү, кайын журтунан кечирим албаса, камакка алынат деп айтылат маалыматта.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда