Айзуура Иманалиева: «Ата-энем «гөлөш» сатып бере турган карылыкка жетпей кете беришти»

Айзуура Иманалиева: «Ата-энем «гөлөш» сатып бере турган карылыкка жетпей кете беришти»

19-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Маркум Элмирбек Иманалиевдин кызы Айзуура Иманалиева атасы тууралуу пост жазды

“Мындан 6-7 жыл мурда өзүмдүн кесибим боюнча жаңыдан иштеп, алгачкы тапкан тыйыныма атама, “бутуңуз үшүбөсүн” деп жүн байпак сатып бердим. Менин болбогон белегим үчүн аябай сүйүндү… Кийин жайдын аптаптуу күндөрүнүн биринде жолугуп калсак, бутунда баягы мен берген жүн байпак… Көрсө, чечпей кийип жүрчү экен…

Атам үчүн белектин баалуулугу маанилүү эмес болчу…Кандай белек берсек дагы, жаш баладай сүйүнүп кабыл алаар эле…

Тилекке каршы ата-энем чал-кемпир болуп, мен аларга “гөлөш” сатып бере турган карылыкка жетпей кете беришти…
Бүгүн болсо Сезим экөөбүз “нурдуу балдарга” барып, биргеликте куран окудук. Сообу тийсин силерге, асылдарым!”.