4-МАЙДА ТЕКЕБАЕВДИН БАШ КОРГОО ЧАРАСЫ КАРАЛАТ

4-майда оппозиция лидери Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү арызы каралат. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, соттук отурум Бишкек шаардык сотунда болот. Текебаевдин тарапташтары аны колдоп бул күнү шаардык соттун имаратынын алдында митинг өткөрүшмөкчү.
Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Эске сала кетсек, 21-апрелде “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев дагы бир айга абакта калтырылган. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган.
Булак: Каганат