ДомойСаясатМАМЛЕКЕТТИК ИШКАНАЛАРДЫ АТКАМИНЕРЛЕРДИН ТУУГАНДАРЫ ЖАНА УУРУЛАР БАШКАРАТ

МАМЛЕКЕТТИК ИШКАНАЛАРДЫ АТКАМИНЕРЛЕРДИН ТУУГАНДАРЫ ЖАНА УУРУЛАР БАШКАРАТ

Кыргызстандын мамлекеттик ишканаларын аткаминерлердин туугандары жана уурулар башкарат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын жыйынында депутат Анвар Артыков билдирди.

Депутат Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Болсунбек Казаковдон жетектөөчү кызматтарга дайындалгандардын кесипкөй эместигине ким жоопкерчиликтүү экенин сурады.

Маммүлктүн жетекчиси алардын кеспкөй эместигине өлкөдөгү саясий абал дагы таасир берип жатканын айтты.

“Аларды тармактык министрликтер дайындайт. Военторгдун жетекчисин иштен алууну сунуштап жатабыз, башка Мамлекеттик ишканаларда текшерүү жүрүүдө”,-деди Болсунбек Казаков.

“Анда мындай министрлерди жумуштан кетирүү керек. Силер алгач өзүңөрдүн туугандарыңарды, ууруларды дайындап, анан кайра тартипти сактоого аракет кылып жатасыңар”,-деди Артыков.
Булак: Каганат

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз:
0702-121100,
0772-121100,
0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда