3 миң долларлык жилетпи? Садыр Жапаровдун кийими соцтармактарда талкуу жаратты
23-тогуздун айы, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваФейсбуктагы Садыр Жапаров аттуу тайпада президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун кыргызстандыктарга кайрылуусу жарыяланды.
“Урматтуу кыргызстандыктар!
Эч кам санабаңыздар. Жасалып жаткан иштерибиздин баары элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатат.
Эл 30 жылдан бери талап кылып, бирок максатына жетпей келе жаткан иштер сөзсүз ишке ашырылат. Бут тосуулар болбосо, (катуу бут тосуулар болуп жатат) баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат. Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт. Парламент июньга чейин олтурбайт. Кечээки мыйзамга «запас» убакыт алалы деп, реформалар июньга чейин бүтүш керек экендигин белгилеп коюшуптур. Кыскасы парламент июньга чейин олтурат экен деп «паника» болбогула. 30 жылдан бери тили сайрап, бирок колунан эч нерсе келбеген, эч бир алгылыктуу иш жасабаган саясатчыларга ишенбегиле. Баары жакшы болот!”, – деп жазган ал.
https://www.facebook.com/groups/1412264215689407/permalink/2666936106888872/
Ошондой эле бул кайрылууда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун диванда отуруп, ноутбукта иштеп жаткан сүрөтү жарыяланган. Анда Садыр Жапаров жүндүү жакасы бар жилет кийип отурат.
Социалдык тармактын колдонуучулары жилетке көңүл буруп, интернет-дүкөндөрдүн сайттарынан ошого окшош, бирок, ак түстөгү жилетти таап чыгышкан. Анын баасы 3 миң 188 доллар турат. Дагы бир орусиялык сайтта ушундай эле жилетти 204 миң 883 рублга сатышууда.

