ДомойКоомӨзгөндөгү жер көчкү. Азыр эмне болуп жатат?

Өзгөндөгү жер көчкү. Азыр эмне болуп жатат?

Көлөмү 1 миллион кубометрди болгон жер көчкү жүрүп, жети турак-жайды жашоочулары менен басып калган.
Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылында жер көчкү жүрүп, 24 кишини басып калган. Аларды куткаруу үчүн учурда 100 куткаруучу тартылганын ӨКМ билдирди.
29-апрелде эртең менен көлөмү 1 миллион кубометрди болгон жер көчкү жүрүп, жети турак-жайды жашоочулары менен басып калган.
Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов башчылыгында издөө иштерин жүрүүдө. Андан сырткары тийиштүү органдардын башчылары дагы жер көчкү жүргөн аймакка чыгып кетишкен.
Кошумча издөө иштери жүргүзү үчүн дагы 34 куткаруучу чыгып кетти.
Булак: Спутник 

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда