Бакылдаган Момбеков диплому жасалма эмес экенин далилдей алабы?
04-тогуздун айы, 2018-ж // //Бош челек катуу каңгырайт эмеспи. Ошол сыяктуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков дагы кооз сүйлөп атам дегенсип, уйкаштырып, жамакташтырып, догурунуп сүйлөмөйү менен таанымал болуп калды. Адегенде аны “Бул дарылдак кайдан чыга калды?” деп тааныбай жүрдүк эле, бара-бара баардык депутаттардан эң эле таанымалы ушул болду. “Атың чыкпаса жер өрттө” позициясы менен таанылды. “Мени ук, мен сүйлөп атканда сөзүмдү бөлбө” деп эле өкмөт мүчөлөрүнө атырылып, өзүн падыша сезип алгансыды.
Ошондон улам айрым билимдүү, интеллигент адамдар “Ушул депутат деги кайда окуду болду экен, деги мектепти дурус эле аяктады болду бекен?” деген суроону берип калышты. Таптакыр тартиби жок, сабакты окугандан көрө көчөдө дардаңдап жүргөн жаш балдардан айырмасы жок болуп атса, анан ушундай суроо берилет экен да.
Ушундай суроолор жаралып атса, ошол эле убакта анын колдонуп жүргөн диплому жасалма экени тууралуу да кеп тарады. Биз ошол кептин учугун чубап көрүүнү эп көрдүк.
КР Жогорку Кеңешинин сайтында башка депутаттардай эле Момбековдун да өмүр баяны илинген. Анда Р. Момбековду жогорку билимдүү, 2003-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин, андан кийин 2014-жылы КР ТИМинин К. Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясынын Эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн деп жазылып жүрөт. Эреже боюнча Момбеков аталган академияга 2011-жылы тапшырган болот. Окуу жайдын талабы боюнча ал 2003-жылы КУУдан алган дипломунун көчүрмөсүн көрсөтүп окууга кабыл алынган. Биздин иликтөөнүн жыйынтыгында анысы кашайып жасалма болуп жатпайбы. Демек, жасалма диплом менен академияга тапшырган Рыскелди мырзанын экинчи диплому да мыйзамсыз.
Эми жакшылап көңүл бөлүңүз, Р. Момбеков 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин КР өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу, КР Убактылуу өкмөтүнүн маданият министринин милдетин аткаруучу, 2011-жылдын февралынан 2012-жылдын октябрына чейин КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, “Учкун” АККнын башкы директору кызматтарын аркалаган. Мына ушул кызматтарда ал Ж. Баласагын атындагы КУУдан алган делген жасалма дипломун пайдаланган.
Мындан сырткары 2011-жылы ал ошол кездеги президенттин жарлыгы менен “Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чен алган. Ал чени үчүн дагы мамлекеттен айына кошумча акча алып турат.
Р. Момбеков өзү “Азаттыкка” курган маегинде “Мен “Учкунду” жетектеп турган маалда 2-3 дипломду жасатып албай жаным жокпу” деп диплому тууралуу суроого тамаша-чынга салып сүйлөп атып кутулуп кеткен болчу. Группалаштары ким экени тууралуу берилген суроого буйтап кутулган.
Момбеков акыркы учурларда өзүн оппозиционер катары көрсөткүсү келип, бийликтин дарегине сын айтканга аракет кылып келет. Анын бул аракети да дал ушул жасалма дипломуна байланыштуу экени билинди. Себеби, ал өзүнүн диплому жасалма экени ачыкка чыга баштаганын байкап, ал үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө туура келерин алдын-ала сезип, “Мына мен бийликти сындай баштадым эле, саясий куугунтук кылып атышат” деп кыйкырып чыкканга ылайыктуу жагдай түзүп аткан экен да.
Анан дагы ал маалымат булактарынын бирине: “Менин дипломумдан шек санагандар сотко кайрылышсын” деген болчу. Мынакей, биз анын дипломунун таржымалын иликтеп жаздык.
Момбеков биз келтирген фактыларды буйтап кутулуп кетпеши керек. Эгер өзүнүн укугун коргоо үчүн бизге кайрылса эшигибиз ачык. Бирок бизге дипломунун түп нускасын(серия, номерлери менен чогуу) көтөрө келип, университетте кайсы мугалимдер сабак бергенин, группалаштары ким экенин, студенттик кезде чогуу окуган курсташтары менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөтсүн. Сотко берем десе анысына да даярбыз.
Ал эми укук коргоо органдарынан бул фактыны мыйзам чегинде иликтесин, эгер Момбековдун күнөөсү болсо жазасын алсын. Андан сырткары 2010-жылдан бери жасалма диплом менен мыйзамсыз алган маяналарын мамлекеттин эсебине кайтарыш керек болсо кайтарсын. Мыйзам Рыскелди мырзаны эркинен ажыратууну талап кылса ал жаза да колдонсун. Эгерде колундагы дипломун 5 жыл окуп алганын далилдесе депутаттык ишмердүүлүгүн уланта берсин.