ДомойСаясатБишкек шаарынын мэри болуп Азиз Суракматов шайланды

Бишкек шаарынын мэри болуп Азиз Суракматов шайланды

Бишкек шаарынын мэри болуп Азиз Суракматов шайланды. Бүгүнкү жыйынга шаардык кеңештеги 45 депутаттын 44тү катышып, 43ү Суракматовдун талапкерлигин колдосо, бир депутат каршы добуш берген.
Белгилей кетсек, Азиз Суракматовдун талапкерлигин көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Ал шайлоодо жалгыз талапкер болду.
Жыйында депутаттар Суракматовдун программасын укпай эле дароо шайлоо процессине өтүүнү чечишти. Анткени ал буга чейин шаардык кеңештеги ар бир фракция менен жолугуп чыкканын белгилешти.
Ал ортодо жарандык активисттер мэриянын имаратынын алдында мэрди шайлоого каршы акция өткөзүп жатышат. Алар Суракматовдон башка альтернативдүү талапкер көрсөтө албаган фракцияларга нааразычылыгын билдиришүүдө.
Булак: Спутник
 

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда