ДомойСаясатБекешев: Банкир Асанбаевди мүмкүн асып коюшту

Бекешев: Банкир Асанбаевди мүмкүн асып коюшту

Дастан Бекешев Улуттук банктан айыл чарбасын насыялоо боюнча маалыматты бүгүн, 22-июнда парламенттин жыйынында сурады.

Ал президенттин тапшырмасы менен Башкы прокуратура жана УКМК тарабынан «Айыл Банкы» тарабынан берилген насыялар текшерилген. Анын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда башкармалыктын төрагасынын экс-орун басары Бакыт Асанбаев асынып алганын эске салды.

«Насыялар кимге берилгени тууралуу маалыматты кантип алсак болот? Балким Бакыт Асанбаев белгилүү бир маалыматты билген, бирок ага катуу кысым болгон. Улуттук банк аркылуу максаттуу эмес кредиттер берилгени тууралуу маалымат алса болобу? — деп сурады Дастан Бекешев.

Улуттук банктын өкүлү Манас Жакыпов бул маселе укук коргоо органдары менен Эсеп палатасы тарабынан текшерилип жатат деп жооп берди.

«Текшерүүнүн аягында сөзсүз маалымат берилет. Биздин эксперттер зарыл болгондо гана тартылат», — деди ал.

Дастан Бекешев белгилегендей, учурда Бакыт Асанбаевдин өлүмүнө күнөөлүүлөрдү издеп жатышат.

«Адам асынып алды же балким, аны асып коюшту. Балким, ал таасир эте турган бир нерсени билгендир», — деп кошумчалады ал.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда