10 жашар кызын зордуктаган жаранга адвокат жалдаш үчүн үйүн саткан эне
26-аяк оона, 2017-ж // //Педофилдикке айыпталып жаткан Т. Бахтияр аттуу жарандын соттук процесси 1 жылдан
бери бүтпөй жатат.
Соттук медициналык экспертиза 10 жаштагы кызды жана анын инилерин бир нече ай зордуктап жүргөнүн
далилдеп берген. Зордуктоого кабылган 10 жашар Алина дагы сотто көрсөтмө берген, Бирок сот чечим
чыгарбай жатат. Себеби педофилдин акталышын талап кылып, зордукталган кыздын энеси Елена
адвокат жалдаган.
Бул тууралуу vb.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.
Өзүнүн кызын зордуктаган адамды акташ үчүн үйүн сатып адвокат жалдаган. Елена балдары менен батирге чыккан. Елена сотко кызын зордуктаган жаран менен никеге туруу үчүн уруксат берүүгө арыз жазган.
Балдарын зордуктаган аял кылмышкерди сүйгөн үчүн же аны менен чогу түрмөгө отуруп калбаш
үчүн мындай таң калыштуу кадамдарга барып жатабы түшүнүксүз. Анткени анын балдары
зомбулукка кабылып жүргөндө, ал баарын билип жүргөн деген далилдер бар.
Соттолуучу Бахтияр мурда бир аялды зордуктап, өлтүрүп коюп 8 жыл эркинен ажыратылган. Абактан
чыгып, Елена жана анын балдары менен жашап баштаган. Балдардын атасы каза болуп калган.
Бахтияр Елена менен чогу жашап баштаганда эле балдарды сабап, түн ичинде дүкөнгө аракка
жиберип, мас болуп, чачтарын кырып кыйнап жүргөн. Елена баарын көрүп, билип турса дагы эч бир
чара көгөн эмес. Бир жолу баласы апасын тургузуп, Бактияр Алинаны дааратканага сүйрөп
кеткендигин айткан. Бирок Елена анда дагы көнүл бурган эмес.
Кийинчерээк сотто Елена “ошол түнү мен эшикке чыктым. Бахтияр дааратканада экен. Мен андан
Алина кана деп сурасам, дүкөнгө аракка жөнөткөндүгүн айтты. Мен кирип жатып алдым”,- деп
айткан.
Алина башкача болуп калгандыгын, анын эжеси Алиса байкап калган. (ред.энелеш эжеси)
“Биз жолдошум жана кызым экөөбүз шаарда турабыз. Апам сиңдим жана инилерим менен Чүй
облусунун Москва районуна караштуу айылдарынын биринде турушат. Мен алар менен жолукканга
мүмкүнчүлүгүм жок болчу, биз телефон аркылуу эле сүйлөшүп жүрчүбүз. Мен балдар өзгөрүп
калгандыгын байкап баштадым. Айрыкча Алина негизи өзү шайыр кыз болчу. Мен анын
өзгөрүлүшүнө, каза болгон атасын сагынып жаткан го деп ойлоп койдум”
Алиса жолдошу менен кеңешип, Алинаны үйүнө алып келген. Алина такыр сүйлөбөй, өзүнөн өзү
ыйлап, эжекесине эч нерсе айтпай жүргөн. Ал ичи ооругандыгын айтып, Алиса сиңдисин ооруканага
алып барса, дарыгерлер Алина бир нече жолу зордукталганын аныкташкан. Алина дарыгерге аны
Бактияр зордуктап жүргөндүгүн айтып берген.
Алинаны апасы алдап чыгып, Бактияр менен телефон менен сүйлөштүргөн. Бактияр Алинаны сотто
баарын айтып бергендиги үчүн коркутуп, айткандарынын баары калп экендигин жана аны эжеси
Алиса үйрөткөндүгүн айтуусун талап кылган. Бирок, 10 жашар Алина күчтүү экендигин көрсөтүп,
берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартпай келе жатат.
Кезектеги соттук отурум октябрь айына белгиленген
Булак: fakt.kg