10 жашар баланы зордуктаган зөөкүр кармалды

10 жашар баланы зордуктаган зөөкүр кармалды

04-баш оона, 2017-ж // //

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүздө он жашар баланы зордуктаган 26 жаштагы кишиге
кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-август күнү 10 жашар бала атасы менен бирге талаада иштеп жүргөн учурда 26-жаштагы айылдашы К. уулу Майрамбек келген. Мындан соң талаада калган өтүктү алып келүү үчүн К.
уулу Майрамбек менен он жашар бала кеткен. Жолдо 26 жаштагы бала10 жашар балага күч колдонуп,
зордуктаган. Ата-энеси айылдашына каршы арыз жазуудан баш тартышкан. Бирок, милиция иш козгоп,
айыптууну кармап, абакка камады. Тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: fakt.kg