Өмүрбек Текебаев: «Жапаров инаугурацияга чейин премьерликтен кетиши керек»

Садыр Жапаров инаугурацияга чейин премьерликтен кетиши керек. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев 24.kg агенттигине билдирген.

Саясатчынын айтымында, жаңы шайланган мамлекет башчынын инаугурациясы БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгаргандан кийин бир айдын ичинде өтүшү керек.

«Азыркы конституцияга ылайык, президент премьер-министрдин милдетин алып кете албайт. Демек, Садыр Жапаров өкмөт башчылыгынан расмий түрдө кетиши керек», – дейт ал.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Рысалиев Садыр Жапаров инаугурациядан кийин расмий түрдө премьер-министрлик ыйгарым укуктарынан баш тарта турганын билдирген.


Сиздин пикир