Садыр Жапаров: “Жеңиш Молдокматов 20 жылдан бери талкан сугунуп отурдуңбу?”

“Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Кудайдын жок калпын айтып, элдин барын тескери бурганга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн 6-январда Кара-Суу районунун эли менен болгон жолугушууда айтты.
 “Ат-Башыга логистикалык борбор салынып баштады, чечим чыккан деп Молдокматов калп айтып жатат. Эл каршы чыккан жерге эч нерсе салынбайт. Бул боюнча эч кандай сөз да жок, иш да жок, иш башталбайт дагы. Булар эптеп үч, беш күн калганда элдин оюн буруп кетиш үчүн айтып жатат. Жетим-Тоо боюнча да айтып чыгышты, ага мен оюмду гана айтып жүрөм. Завод салып, сырьёсун сатсак тышкы карыздардан кутулат экенбиз деген оюмду айтып атам. Эгер көпчүлүк эл каршы турса аны дагы ачпайбыз, башка жолун издейбиз. Жетим-Тоонуиштетүү үчүн эки-үч жыл талап кылынат, бул теманы унутуп эле койгулачы”,- деп сөз сүйлөдү Садыр Жапаров.
Ошондой эле Садыр Жапаров “Кытайдын шпиондору” деген сөзгө төмөндөгүдөй жооп берди. “Жунус уулу Адыл деген Кытайдан келген депутат экен деп айтып атат. Бул жигит 30 жылдан бери ушул жердин жарандыгын алып жашап, бизнес чөйрөсүндө жүргөн.
Жеңиш Молдокматовго караганда жүз эсе мамлекетке пайда алып келген. Ал имаратын Садыр Жапаровго республикалык штаб кылып бериптир, булар Кытайдын шпиондоруэкен деп айтып апат. 2010-жылы Ата-Журт партиясы штабын ачкан, 10 жылдан бери каралбай калган имаратты түрмөдөн чыгып, актап сырдап штаб кылганбыз, эч кандай тиешеси жок”,- деди Жапаров. “Жетим-Тоо кокус иштеп калса, дүлөй, сокур болбосоң угасың да кимдер иштеп жатканын. Бүт Нарындын эли, жергиликтүүлөр иштейт. Нарын суусун булгайт

деген сөзү чындыкка туура келбейт. Жетим-Тоого цианид же химикат колдонулбайт. Кумтөрдө 20 жылдан бери цианид колдонулуп Нарын суусуна агып кирип атат, ошону элибиз уусун ичип атат. Жеңиш Молдокматов иниме айтат элем талкан сугунуп отурдуңбу 20 жылдан бери карай? Сенин атаң, энең, бир тууганың ичип атат”, – деп катуу кайрылуу жасады Жеңиш Молдокматовго.
Элдик медиа

Сиздин пикир