Жигитим мени таштап, бай кызга кетип калды

Бир жыл мурун жакшы бала менен инстаграмдан таанышып калдым.Ал бала болсо абдан мүнөзү жакшы бала.Бир-эки  айдан кийин экөөбүз кыз-жигит болдук.Мен эмнегедир аны аябай катуу сүйүп калдым.Ал мени дагы сүйчү. Бир күнү жумуш таптым,эми иштеш керек деп,бир чоң ресторандын бирине официант болуп иштеп калды.Иштеп баштагандан киийн экөөбүз аябай аз сүйлөшүп баштадык.Анткени кечинде жумушка кетип, эртең менен келип,анан күндүзү уктайт.Кайдагы убакыт мен менен сүйлөшкөнгө айтыңызчы?…

Ошентип эки ай өттү.Ал билбейм аябай эле өзгөрүп,мен менен көп жолукпай,урушуп эле жүрдү.Анан эмне болмок эле? Ал мени таштап кетти.

Арадан бир аз убакыт өттү.Мен бир күнү анын бир курбу кызы менен жолугуп калдым.Экөөбүз кафеге кирип чай ичип отуруп калдык.Ал мага: “Айка сен билесиңби сенин мурунку жигитиң ошол иштеген ресторандын шефинини кызы менен жүрөт.Ал анын байлыгына кызыгып сени таштап кеткен”-дегенде айлам кетип ушунча жаман болдум. “Макул анда Айдай, мен барайын жумушум бар болчу-деп кетип калдым”

Үйгө кирип көз жашымды кармай албай ыйладым. Аябай жүрөгүм ооруду, жашагым келбей. Эх, бул жашоо кызык ушул эркектерге байлык, акча деген эле кызык экен.

Азыр өзүмдү колума алдым. Эми жашоомду таптакыр өзгөрткүм келет.


Сиздин пикир