Жапаровго карата Сегизбаев, Алай чектен чыкса, Исаев саясый негизде сындоодо

 

Соңку убакта Садыр Жапаровду оппоненттери жарга катуу такашууда. “Жарымы төгүн, жарымы чын, жарандардын көөнү үчүн” дегендей. Курч пикир айткандарына токтололу. 

Канатбек Исаев саясый негизде сынга алса, Абдил Сегизбаев менен Арстан Алай жекеликке өтүп кетишип, кемсинтүү, мазактоого чейин жетишүүдө. Атаандаштар канчалык каршылашууга барышса да, кеп маданиятын сакташы зарыл. Аламан да бүтөт, эл колдогон талапкер президенттикке шайланат. Эртеңки жашоо бар. Ошондо айтылган сөздөр үчүн жооп берүүгө убакыт келбейби?..

Биздин баамыбызда, Канатбек Исаев арканды алыс ыргытып, Садыр Жапаровдун карама-каршы сөздөрүн мисалга алып, кудаларын кызматка койгонун ж.б. саясый алкакта сын айтууда. Бул нормалдуу көрүнүш. Ал эми Абдил Сегизбаев менен Арстан Алай эрежеден сырт кетишип, чукуламайга, жалаа жабууга, беттен алууга өтүп алышты. Чагымчылык го? Экөөнө “ответка” болобу?..

А башка талапкерлерди алсак, Садыр Жапаровго карай Каныбек Иманалиев кур чечендикке салса, Адахан Мадымаровдун шайы ооп калыптыр, Бактыбек Калмаматов сүткө тойгон күчүктөй эле “борсулдап” коюуда…

Aryba.kg  


Сиздин пикир