Чыгыш маданиятынын изилдөөчүсү Вячеслав Рузов өзүнүн макаласында индиялык акылмандардын тажрыйбасына кайрылган. Анын айтымында кээ бир сырлар коомчулука жарыяланбай сыр бойдон калуусу шарт . Алардын бир бири менен таанышып алыңыз.
-
Жеке пландарыңыз иш жүзүнө аткарылмайынча эч кимге үн катпаңыз. Орундалбай калышы мүмкүн.
- Кайрымдуулук иштердин коомчулукка жарыяланбай сыр бойдон калганы туура болот. Жакшы кадамдарыңыз үчүн өзүңүздү мактабаңыз. Бул жакшы сапаттардан эмес
- Жеке жашооңуздагы принциптериңизди, мамилелериңизди ачыкка чыгарбаңыз.
- Эрдиктериңиз жөнүндө кеп кылбаңыз. Жакшы жумуштарыңызды башкалар айткан туура болот.
- Жеке ишенимдериңиз жөнүндө сөз кылбаңыз. Ал сиздин ишенимиңиз сиздин дүйнөңүз. Башкалардын аны билүүсү кыйроого учурашы мүмкүн.
- Үй-бүлө ичиндеги конфликтерди сыртка чыгарбоо керек. Үйдөгү проблемалар жөнүндө канчалык азыраак сүйлөсөңүз үйдүн ынтымагы ошончо бекем болот. Жаңжал- бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чогулган негативдүү энергиядан арылуунун жолу. Проблема жөнүндө канчалык көп сөз кылсаңыз ошончолуук ал сизди ээрчийт.
-
Бирөөдөн уккан жаман негативдүү cөздөрдү эч кимге айтпаңыз. М: сиз үйгө келип көчөдө уккандарды кайталап айтып берген, үйгө кир бут кийими менен киргенге барабар. Жаман ой эшикте, кир бут кийим босогодо калуусу абзел.