Жумуштун чыгарып жибергенде эмне кылыш керек?

Көп учурда жумуштан куулган адамдар сары убайымга салынып, эмне кыларын билбей калышат. Бул макалада ошондой жагдайда эмне кылыш керек тууралуу пайдалуу кеңешибиз менен бөлүшмөкчүбүз.

Бардыгы сиздин талпынышыңызга байланыштуу. Эгер кирешеге талпынган жан болсоңуз, алгачында коркуп калганыңыз менен өзүңүздү дароо колго алып, жаңы жумуш издегенге көчүңүз. Сизде үмүт менен ишеним бар. Ал изденүүдө уланып кете берет.

Ал эми кээ бирлерге жумушун жоготкон өтө оор тийип, бир аз убакыт өзүнө келе албашы мүмкүн. Ал өзүн да, башкаларды да күнөөлүү санап, кайгыра баштайт.

Мунун бардыгы адамдын балалык чагындагы баштан өткөргөндөрүнө түздөн-түз байланыштуу. Эгер баланы кичинекей жашынан үйрөтүп, дүйнөнүн кандай коркунучтуу экендигин айта берсе анда айланадагыларга болгон ишенимсиздик пайда болот. Ишеним болбосо ишиңиз ийгиликсиз боло берет… Мындай адамдарга эмне кылыш керек?

Алгач шыктандырып, талап коё билүү керек. Бул жашоодо ансыз болбой тургандыгын, аракет кылуу аркылуу гана өзүбүзгө жаңы түшүнүк сыйлоого тийишпиз. Бардыгы өзүңө байланыштуу, өзүңө таандык, далилде, умтул!

Адамды жумуштан чыгарып жиберсе ал өзүн алсыз, колунан эч нерсе келбеген жан деп эсептеп, кыйналат. Өзүн өзү күнөөлөйт… Мындай кезде бардык нерсе бир гана адамга байланыштуу эмес экендигин, абалдын түрдүү болоорун тушүнүү керек. Бул жашоо. Ар түрдүү нерселер болот. Башкысы ар дайым позитивде болуңуз. Жумуштан чыгарып жибердиби? Бул деген мүмкүнчүлүк эмеспи! Сиз үчүн мындан да кирешелүү, мындан да кызыктуу жумуш ордун табуу мүмкүнчүлүгү ачылат. Андай болсо, маанайыңызды түшүрүп, капаланбаңыз!

БУЛАК: zaman.kg



Сиздин пикир