Зордукталган эчкиден жугуштуу оорунун белгилери табылган жок

Зордукталган эчкиден жугуштуу оорунун белгилери табылган жок

02-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Ээси тарабынан зордукталган эчкиден жугуштуу оору чыккан жок. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта, буга чейин Кызыл-Кыя райондук ички иштер бөлүмүнө 52 жаштагы аял арыз менен кайрылып, анын 43 жаштагы күйөөсү сарайда байланган эчкисин зордуктап жүргөнүн билдирген. Ошондой эле аял ал эчкинин сүтүп сатып оокат кылып келгенин да жашырган эмес. Арыз 10-февралда катталып, иш башталган.

Зордуктоого кабылган эчки ветеринарлардын текшерүүсүнөн өтүп андан жугуштуу оорунун белгилери табылган эмес. Бирок арыз ээси жана шектүүгө карата экспертизанын корутундусу азырынча толук жыйынтык чыгара элек.