Зиядин Жамалдиновду эл укпай, чаржайыт жыйындын көрүнүшү өкүндүрдү
30-чын куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваОш облусунун губернатору Зиядин Жамалдиновдун эл менен жолугушуудагы видеосу соцтармакка тарады. Негизи элет жеринде көйгөйлөр арбын эмеспи. Кыйналган калк. Чогулгандар Зиядин Жамалдиновду угушпай, армандарын арбын айтышып, буктарын чыгарып алышыптыр. Жетекчинин аброю жок болсо, көпчүлүктүн маани бербей койгону ушулбу? Өкүнүчтүү жагдай, Ош облусуна белдүү, кадыр-барктуу жетекчи дайындалганда, алдыга карай өнүгүүгө бармакпыз. Ал эми береги “союл” менен ачылыш кыла албай калдык го. Татыктуу кадрды тандоого азыр да кеч эмес. Караңгыдан көз таба албаган, системанын жүрүшү менен күн өткөргөн пендеге качанкыга чейин чыдашат ыя?..
«Азия Ньюс» гезити